Йодомарин 200мкг №100 таблетки

Внешний вид товара может отличаться от изображённого на фотографии

Старая цена: 261 сом
248 сом
Вы экономите: 13 сом (5%) Скидка 5%
840
В наличии
+

Описание

Соодадагы аталышы: Йодомарин® 200

Эл аралык патенттелбеген аты

Калий йодид

Дарынын түрү

Таблеткалар

Курамы

Бир таблетка камтыйт

Активдүү зат: 262 мкг калий йодид (200 мкг йодидге туура келет).

Көмөкчү заттар лактоза моногидрат, магний карбонат негизги жеңил, желатин, крахмал гликолятынын натрий тузу (тип А), кремний диоксид коллоиддик суусуз, магний стеараты.

Сүрɵттɵмɵсү

Жалпак параллелдүү бет менен таблеткалар, ак жана акка жакын түскө, кыйшайтылган жээкке жана бир тараптуу бөлүү үчүн кесикке ээ.

Таблетканы бирдей доза менен эки бөлүккө бөлсө болот.

Фармадарылык тобу

Йод дарысы.

ATX коду: Н03СА01

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикалык касиеттери

Йод – калкан бездеринин гормондорун – тироксин жана трийодтирониндин синтези үчүн элемент түрүндөгү азыктардын маанилүү курам бөлүгү. Эндемикалык богокту алдын алуу үчүн организмге күн сайын келип туруучу йодго суткалык муктаждык, башкача айтканда йоддун көлөмү суткада 100-150 мкг-ды түзөт. Германия Федеративдик Республикасында болгон тамактануу шартында бул керектөө минимуму жеткизилбейт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушталган суткалык өлчөмү 150 мкг-дан 300 мкг-га чейин түзөт.

Йоддун физиологиялык саны (болжол менен 300 мкг-га чейин) Федеративдик Республикада артыкчылык кылган йод жетишсиздигинде алмаштыруучу натыйжага ээ, б.а. йоддун жетишсиздиги менен шартталган богоктун пайда болушун алдын алат, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын, балдардын жана өспүрүмдөрдүн калкан безинин өлчөмүнүн нормалашуусуна жардам берет, ошондой эле бир катар бузулган биохимиялык параметрлерге (Т3/Т4 катышы, ТТГ деңгээли) таасир этет.

а) Вольф-Чайков эффектиси (Wolff-Chaikoff effect):

йоддун ашык болушу анын интратиреоидалдык органификациясынын басаңдашына алып келет. Бул ашыктыкты сактоодо басаңдоо йодду сиңирүүсүнүн азайышына алмашат. Эгер Вольф-Чайф эффекти патологиялык шарттарда сакталса, бул гипотиреозго алып келип, мунун натыйжасында богок пайда болот.

- б) Йоддун жана коллоиддин протеолизинин интратиреоидалдык алмашуусунун кыскарышы жана муну менен шартталган гормондордун бошонушу.

Бул натыйжа өзгөчө гипертиреоздо байкалат жана өзгөчө иммундук тиреопатияларда – кан айланышынын төмөндөшү, органдын өлчөмдөрүнүн кичирейиши, ошондой эле анын катууланышы менен коштолот.

Фармакокинетикалык касиеттер

Йодду куюунун кадимки жолу – ичеги карын жолу. Йод ошондой эле организмге тери жана дененин көңдөйү аркылуу келе алат. Муну өзгөчө кокустан фармакологиялык йодду кабыл алганда эске алыш керек.

Ичке ичегиде органикалык эмес йод 100%-дай сиңирилет, муну менен катар тери аркылуу сиңирилиши анча–мынча эле болуп, аны көзөмөлдөөгө болбойт. Дени сак адамдарда бөлүштүрүлүү көлөмү орточо болжол менен 23 литрди түзөт (38% дене массасы). Кандын сары суусунда органикалык эмес йоддун көрсөткүчтөрү 0,1 жана 0,5 мкг/дл чегинде болот. Организмде йодид калкан безде жана башка ткандарда, мисалы шилекейде, карын зилинде, эмчек безинде жана ашказанда топтолот. Йодиддин шилекейде, карын зилинде жана сүттө топтолуусу анын плазмада топтолуусунан 30 эсе жогору. Йоддун заара менен чыгышы, көбүнесе креатининдин мкг/г менен көрсөтүлүп, йоддук камсыздоонун чен өлчөмү болуп саналат, анткени теңдемдешилген абалда ал йоддун азык менен суткалык келишине тең салмактанып белгиленет.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Йоддун жетишсиздигинен пайда болгон ооруларды алдын алуу үчүн (мисалы эндемикалык богокту алдын алуу жана , йоддун жетишсиздиги менен шартталган богокту кесип салуудан кийин);

Жаңы төрөлгөн ымыркайларда, балдарда, ошондой эле жашыраак курактардагы чоңдордо диффуздук эутиреоиддик богокту дарылоо.

Колдонуу жолу жана дозасы

Сунушталган доза

Йод жетишсиздигинде богокту алдын алуу үчүн:

Ымыркайлар жана балдар:

Суткада ½ - 1 таблетка Йодомарин® 200 (100 мкг йодго туура келет).

Өспүрүмдөр жана чоңдор:

Суткада бир жолу 1/2 таблеткадан Йодомарин® 200, б (100 – 200 мкг йодго туура келет).

Кош бойлуулук жана эмизүү мезгили:

Суткада Йодомарин® 200 дарысынын 1 таблеткасы, (200 мкг йодго туура келет).

Дары менен дарылоодон кийин же йоддун жетишсиздиги менен шартталган богок боюнча операциядан кийин богоктун кайра өсүшүн алдын алуу:

Йодомарина®200 каражатынын ½ - 1 таблеткасы (100 - 200 мкг йодго туура келет) суткада бир жолу.

Йод жетишсиздигинен улам пайда болгон богокту дарылоо:

Ымыркайлар, балдар жана өспүрүмдөр:

Суткада бир жолу Йодомарин® 200 каражатынын ½-1 таблеткасы (200 мкг йодго шайкеш келет).

Жашыраак чоңдор:

Суткада бир жолу Йодомарин® 200 каражатынын 1½-2½ таблеткасы (300-500мкг йодго шайкеш келет).

Таблетканы тең өлчөмдө экиге бөлсө болот.

Жалпы сунуштар

Йодомарин® 200 дарысын төмөнкү учурларда колдонууга болбойт:

Эгерде сизде калий йодидге же каражаттын башка курам бөлүгүнө аллергияныз байкалса.

Калкан безинин кызматынын ачык жогорулашында (даттануулар бар)

Суткада 150 мкг йод өлчөмүндө калкан безинин кызматынын жашыруун жогорулашында (даттануулар жок)

Залалсыз гормон пайда кылуучу шишимиктин болушунда, ошондой эле суткада 300-дөн 1000 мкг йод өлчөмүндө калкан безинин көзөмөлдөнбөгөн гормон пайда кылган бөлөктөрүнүн болушу (операциядан мурунку мезгилде дарылоону кошпогондо)

Йодомарин® 200 каражатын колдонуудан мурун кеңеш үчүн дарыгерге же дарыкана кызматкерине кайрылыңыз.

Йодомарин® 200 дарысы менен бирге башка дары каражаттарын колдонуу

Эгер сиз башка дары каражаттарын азыркы учурда пайдалансаңыз, жакын арада колдонсоңуз же колдоноюн деп жатсаңыз, бул жөнүндө дарыгерге же дарыкана кызматкерине билдириңиз.

Йод жетишсиздиги гипертиреоздун дары менен дарылоого организмдин реакциясын жогорулатат (калкан безинин жогорку кызматы), ал эми бул учурда эле йоддун ашык болушу төмөндөтөт. Ошондуктан гипертиреозду дарылоодон мурун же дарылоо учурунда мүмкүнчүлүккө жараша кайсы болбосун йодду колдонуудан сак болуу зарыл.

Калкан бези тарабынан йодид сыяктуу механизмдер менен сиңирилген заттар (мисалы, перхлорат), ошондой эле өзү сиңирилбеген дары каражаттары, мисалы, тиоцианат, 5мг/дл жогору концентрациясында калкан бези тарабынан йоддун сиңирүүсүнө жолтоо болот.

Йоддун калкан бези тарабынан сиңирүүсү же темирде йоддун зат алмашуусу эндогендик жана экзогендик тиреостаттык гормондор (ТТГ) менен күчөйт.

Калкан безинин гормондорунун секрециясын басаңдаткан йоддун жогорку өлчөмдөрү жана эрежеге ылайык психикалык бузулууларда колдонулуучу литий туздары менен бир убакытта дарылоо калкан безинин чоңоюшуна жана гипотиреозга өбөлгө болушу мүмкүн.

Калийди сактоочу диуретиктер менен айкалышта калий йодиддин жогорку өлчөмдөрү

гиперкалиемияны пайда кылышы мүмкүн.

Кош бойлуулук, эмчек эмизүү мезгили жана бала төрөө функциялары

Кош бойлуулук же эмчек эмизүүдө, ошондой эле мүмкүн болгон же пландалган кош бойлуулук учурунда, бул каражатты колдонуудан мурун кеңеш үчүн дарыгерге же дарыкана кызматкерине кайрылыңыз.

Кош бойлуулук же эмчек эмизүү мезгилинде йодго муктаждык жогорулайт, ошондуктан ушул мезгилде йоддун организмге жеткиликтүү келишин камсыз кылуу керек. Бирок йодду жана йод камтыган каражаттарды «пайда/тобокел» катышын баалоодон кийин жана дарыгердин түздөн-түз дайындоосу боюнча колдонуу болот.

Транспорттук каражаттарды башкаруу жана механизмдерди тейлөө жөндөмдүүлүгүнө таасири

Өзгөчө этияттык чараларды аткаруу талап кылынбайт.

Йодомарин® 200 дарысында лактоза камтылган.

Эгер сизде кандайдыр бир кант түрлөрүн көтөрө албастык аныкталса, бул дары каражатын колдонуудан мурун сизди дарылап жаткан дарыгерден кеңеш алыңыз.

Таблетканы тең өлчөм менен эки бөлүккө бөлсө болот.

Эгер сиз Йодомарин® 200 дарысын көп өлчөмдө ичип алсаңыз

Дароо дарыгерге кайрылыңыз. Ылайыктуу чараларды кабыл алуу боюнча маселелерди чечет.

Эгер сиз Йодомарин® 200 дарысын колдонууну унутуп калсаңыз

Калтырылгандын ордун толтуруу үчүн эки эселенген өлчөмдү пайдаланбагыла.

Йодомарин® 200 дарысын ичүүнү үзүп токтотуп койсоңуз

Эгер сиз Йодомарин®200 каражатын ичүүнү үзүп токтотуп койсоңуз, мисалы, кыйыр таасирлердин пайда болушунан, бул жөнүндө өзүңүздүн дарыгериңизге айтыңыз.

Бул дары каражатын пайдалануу боюнча суроолор пайда болгондо дарыгерге же дарыкана кызматкерине кайрылыңыз.

Мүмкүн болгон кыйыр таасирлер

Бардык дары каражаттары сыяктуу эле бул каражат кыйыр таасирлерди пайда кылышы мүмкүн, бирок ал кыйыр таасирлер бардык бейтаптарда эле пайда боло бербейт.

Йодиди кайсы куракта болбосун профилактикалык түрдө пайдаланууда, ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайларда, балдарда жана өспүрүмдөрдө терапиялык колдонууда, жагымсыз таасирлер кадыресе байкалбайт. Бирок калкан безинин кен көзөмөлдөнбөгөн гормондорду пайда кылган бөлүктөрдүн болушунда жана 150 мкг жогору йоддун суткалык өлчөмүн дайындоодо калкан безинин кызматынын жогорулашынын клиникалык көрүнүшүн толук бойдон алып салуу мүмкүн эмес.

Абдан сейрек: (10000 бейтаптан 1 нɵн азыраагы)

Иммундук система тарабынан бузулуулар

Эӊ жогорку сезгичтүүлүк реакциялары - мисалы йоддон пайда болгон мурун бүтүү, тери реакциялары (буллездук же тубероздук йододерма, эксфолиативдик дерматит), теринин жана былжырлуу кабыктын шишимиги (ангионевротикалык шишимик), калтыратма, безетки жана шилекей бездеринин шишимиги.

Гормоналдык система тарабынан бузулуулар

Чоңдордо калкан безинин чоңоюшун дарылоо үчүн колдонууда (йоддун 300 дөн 1000 мкг чейин суткалык өлчөмү) айрым учурларда йоддон пайда болгон калкан безинин кызматынын жогорулашы ыктымал. Көп учурларда бул үчүн өбөлгө болуп калкан безинде гормондорду пайда кылуучу очокторунун бар болушу саналат. Кадыресе тобокелге узак убакыт калкан безинин чоңоюшунан азап тарткан улгайган бейтаптар кабылат.

Кандайдыр бир кыйыр таасирлер пайда болсо, дарыгерге же дарыкана кызматкерине кайрылыңыз. Ошондой эле ушул ичмек баракта көрсөтүлбөгөн кыйыр таасирлер да кошкондо бул бардык кыйыр таасирлерге тиешелүү.

Каршы көрсөтмөлөр

Йодомарин® 200 төмөнкү учурларда колдонууга болбойт:

- анамнезде таасир этүүчү затка же көмөкчү заттарда көрсөтүлгөн каражаттын башка курам бөлүгүнө жогорку сезимталдык

- манифесттик гипертиреоздо

- латенттик гипертиреоздо 150 мкг йод суткда өлчөмүн ашкан учурда

- автономдук аденомада, ошондой эле суткада 300-дөн 1000 мкг йод өлчөмүндө калкан безинин фокалдык жана диффуздук автономия уясы болсо (операциядан мурунку мезгилде калкан безин Пламмер боюнча тосмолоодон башка учурларда).

Йодомарин® 200 кантип сактоо керек

Балдарга жеткиликтүү болбогон жерде сактоо зарыл.

25° С дан жогору болбогон аба табында сактоо керек.

Бул дары каражатын «чейин жарактуу» сөздөрүнөн кийин көрсөтүлгөн таңгактын сырткы тарабында же блистерде көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонбогула. Жарактуулук мөөнөтүнүн аякташынын күнү болуп айдын акыркы күнү эсептелет.

Бир дагы дары каражаттарын канализацияга же тиричилик таштандысы менен таштабагыла. Дарыкана кызматкери менен кереги жок дары каражаттарын кантип утилизациялаш керек экендиги жөнүндө кеңешиңиз. Бул чаралар айлана-чөйрөнү коргоого көмөк болот.

Йодомарин®200 100 таблеткадан (блистер) таӊгакчаларда чыгарылат.

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл

Чыгаруу шарттары

Дары каражаты рецепти жок чыгарылат.

Каттоо күбөлүгүнүн ээси

БЕРЛИН-ХЕМИ АГ

Глиникер Вег 125

12489 Берлин

Германия

Өндүрүүчү

Менарини - Фон Хейден ГмбХ

Лейпцигер Штрассе 7-13

01097 Дрезден

Германия

Же БЕРЛИН-ХЕМИ АГ

Глиникер Вег 125

12489 Берлин

Германия

Особенности

Характеристики общие

Условия отпуска из аптек:
Без рецепта

С этим товаром также покупают:

Server

Request

Config

SQL

Cache queries

Logging

Templates

Blocks