Глизид ER-60, 30 таблеток

42603

Цены в розничной сети могут отличаться от указанных на сайте

‍515‍ сом
В наличии
Доставка
Варианты оплаты
Найдите похожие

ДАРЫ КАРАЖАТЫН МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУУ БОЮНЧА

НУСКАМА

 

 

 ГЛИЗИД ER-60

 

Соодадагы аталышы

Глизид ER-60

 

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Гликлазид

 

 Дарынын түрү

Узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу таблеткалары

 

Курамы

Ар бир узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү зат: гликлазид

Көмөкчү заттар: гипромеллоза (Metolose 90 SH-100 SR), гипромеллоза (Metolose 90 SH-4000 SR), микрокристаллдык целлюлоза, лактоза, магний стеараты

Сүрөттөмөсү

Актан дээрлик ак түскө чейин, эки бети томпок, эки бети тегиз жылмакай таблеткалар.

 

Фармадарылык тобу: Тамак сиңирүү жолдоруна жана зат алмашууга таасир этүүчү препараттар. Кант диабетин дарылоо үчүн каражаттар. Инсулиндерди кошпогондо, гипогликемиялык препараттар. Сульфонилмочевинанын туундулары. Гликлазид.

ATX коду:N01AX10A10BB09.

 

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикасы

Гликлазид сульфонилмочевинанын туундусу, ичип кабыл алуу үчүн гипогликемиялык препарат болуп саналат, окшош препараттардан эндоциклдик байланышы бар N камтыган гетероциклдүү шакектин болушу менен айырмаланат. Гликлазид Лангерхан аралчаларынын b-клеткалары тарабынан инсулин секрециясын стимулдаштыруу аркылуу кандагы глюкозанын концентрациясын азайтат. Постпрандиалдык инсулин жана С-пептид концентрациясынын өсүшү 2 жылдык дарылоодон кийин сакталат.

Гликлазид углеводдук зат алмашууга таасиринен тышкары гемоваскулярдык таасирге ээ.

Инсулин секрециясына таасири 2-типтеги кант диабетинде препарат глюкозаны кабыл алууга жооп катары инсулин секрециясынын алгачкы чокусун калыбына келтирет жана инсулин секрециясынын экинчи фазасын күчөтөт. Инсулин секрециясынын олуттуу өсүшү тамак-ашты кабыл алуу же глюкозаны куюу менен шартталган стимулдаштырууга жооп катары байкалат. Гемоваскулярдык натыйжалар

Гликлазид кичинекей тамырлардын тромбозунун коркунучун төмөндөтөт, кант диабетинде татаалдашуулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн болгон төмөнкү механизмдерге таасир этет: тромбоциттердин агрегациясын жана адгезиясын жарым-жартылай ингибирлөө жана тромбоциттерди активдештирүүчү факторлордун концентрациясынын төмөндөшү (бета-тромбоглобулин, тромбоксан В2), ошондой эле кан тамыр эндотелийинин фибринолитикалык активдүүлүгүн калыбына келтирүү жана ткандардын плазминоген активаторунун активдүүлүгүн жогорулатуу.

Глизид ER-60 (HbA1c) колдонууга негизделген интенсивдүү гликемиялык көзөмөлү Интенсивдүү гликемиялык көзөмөлдөө стратегиясы Глизид ER-60 препаратын дайындоо жана анын дозасын башка гипогликемиялык дары каражатты (мисалы, метформин, альфа -глюкозидаза ингибитору, тиазолидиндиондун туундусу же инсулин) кошуудан мурун (же анын ордуна) стандарттык дарылоонун фонунда көбөйтүүнү камтыган. Глизид ER-60 препараттын орточо суткалык дозасы 103 мг түздү, максималдцц суткалык дозасы 120 мг түздү.

Глизид ER-60 препаратын колдонуунун фонунда интенсивдүү гликемиялык көзөмөлдөө тобунда (байкоо жүргүзүүнүн орточо созулуу убактысы 4,8 жыл, орточо HbA1c деңгээли 6,5%) стандарттык контролдоо тобуна салыштырмалуу (орточо HbA1c деңгээли 7,3%), макро- жана микроваскулярдык татаалдашуулардын айкалыштырылган жыштыгынын салыштырмалуу тобокелдигинин олуттуу төмөндөөсү 10% көрсөттү

Артыкчылыкка салыштырмалуу тобокелдиктин олуттуу төмөндөшүнүн эсебинен жетишилди: негизги микроваскулярдык оорлошуулар 14% га, нефропатиянын пайда болушу жана прогресси 21% га, микроальбуминуриянын пайда болушу 9% га, макроальбуминурия 30%га жана бөйрөктүн оорлошуулары менен 11%.

Глизид ER-60 препаратын колдонуунун фонунда интенсивдүү гликемиялык көзөмөлдөө артыкчылыгы гипотензиялык дарылоонун учурунда жетишилген пайдалардан көз каранды эмес.

Фармакокинетикасы Абсорбция

Плазмадагы деңгээли биринчи 6 сааттын ичинде акырындык менен көтөрүлүп, колдонуудан кийин 6-12 саатка чейин сакталып турган платого жетет. Жекече өзгөргүчтүк төмөн. Гликлазид толугу менен сиңет. Тамактануу сиңирүү ылдамдыгына же даражасына тоскоол болбойт.

Бөлүштүрүү

Плазма белоктору менен байланышы болжол менен 95% түзөт. Бөлүштүрүү көлөмү 30 литрге жакын.

Гликлазидди суткасына бир жолу колдонуу плазмадагы гликлазиддин эффективдүү концентрациясын 24 сааттан ашык кармап турат.

Биотрансформация

Гликлазид негизинен боордо метаболизмге учурайт жана заара менен бөлүнүп чыгат; заарада өзгөрбөгөн түрүнүн 1% дан азы аныкталат. Плазмада активдүү метаболиттер табылган жок.

Элиминация

Гликлазиддин жарым жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили 12ден 20 саатка чейин.

Ѳзгөчө категориялар

Улгайган адамдар

Улгайган адамдардын фармакокинетикалык параметрлеринде клиникалык олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес.

 

Колдонуу үчүн көрсөткүчтөр

Мүнөздүү тамактануу, физикалык жүктөм жана дене салмагынын төмөндөөсү жетишсиз натыйжалуулугу менен 2-тип кант диабети.

Кант диабетинин оорлошууларын алдын алуу: интенсивдүү гликемикалык көзөмөлдөө аркылуу 2-типтеги кант диабети менен ооруган бейтаптарда микроваскулярдык (нефропатия, ретинопатия) жана макроваскулярдык (миокард инфаркты, инсульт) коркунучун азайтуу.

 

Каршы көрсөтмөлөр

  • гликлазидге, башка сульфонилмочевина туундуларына, сульфаниламиддерге же препаратты түзгөн кошумча заттарга жогорку сезгичтик;
  • кант диабети 1 түрү;
  • диабетик кетоацидоз, диабеттик прекома, диабеттик кома;
  • оор бөйрөк же боор алсыздыгы (бул учурларда, инсулин кабыл алуу сунушталат)
  • миконазол менен коштолгон дарылоо («Башка дары каражаттар менен өз ара таасири» бөлүмүн караңыз);
  • кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили ("Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили" бөлүмүн караңыз);
  • 18 жашка чейинки курак.

Фенилбутазон жана даназол менен бирге колдонуу сунушталбайт («Башка дары каражаттар менен өз ара таасири» бөлүмүн караңыз).

Этияттык менен:

Улгайган курактагы адамдар, туура эмес жана/же балансталбаган тамактануу, глюкоза-6-фосфатдегидрогеназанын жетишсиздиги, жүрөк-кан тамыр системасынын оор оорулары, гипотиреоз, бөйрөк үстүндөгү же гипофиз безинин алсыздыгы, бөйрөк жана/же боор алсыздыгы, глюкокортикостероиддер (ГКС) менен узак мөөнөттүү дарылоо, алкоголизм.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Колдонуу жолу

Гликализид узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу таблеткаларды эртең мененки тамактануу менен бир дозасы катары кабыл алынат. Таблетканы толугу менен жутуу сунушталат.

Дозасы

Гликлазид узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу таблеткалардын суткалык дозасы, эртең мененки тамактануу менен бир жолу ичип кабыл алуу менен күнүнө 30 дан 120 мг чейин өзгөрүшү мүмкүн.

Эгерде сиз дозаны кабыл алууну унутуп калсаңыз, анда кийинки күнү кабыл алынган дозаны көбөйтүүгө болбойт.

Башка гипогликемиялык препараттар сыяктуу эле, дозасы бейтаптын жеке метаболизмдик реакциясына (кандагы глюкоза, HbAlc) жараша туураланат.

Баштапкы доза

Сунушталган баштапкы дозасы күнүнө 30 мг түзөт.

Эгерде кандагы глюкоза натыйжалуу көзөмөлдөнсө, бул дозасы колдоо көрсөтүүчү дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Эгерде кандагы глюкозанын деңгээли жакшы көзөмөлдөнбөсө, анда дозаны 60, 90 же 120 мг-га чейин көбөйтүүгө болот. Кандагы глюкозанын деңгээли 2 жумалык дарылоодон кийин төмөндөбөгөн бейтаптарды кошпогондо, ар бир дозаны көбөйтүүнүн ортосундагы аралык жок дегенде 1 ай болушу керек. Бул учурда, дозасын дарылоонун экинчи жуманын акырына чейин көбөйтүүгө болот.

Максималдуу сунушталган суткалык дозасы 120 мг.

Гликлазиддин узак убакыттын аралыгында бошонуп чыгуучу 1 таблеткасы60 мг Гликлазиддин узак убакыттын аралыгында бошонуп чыгуучу 30 мг эки таблеткасына туура келет.

Гликлазиддик таблеткалардан (80 мг) (тез бошонуп чыгуучу) Гликлазиддин 60 мг таблеткаларына өтүү, модификацияланып бошонуп чыгуучу.

1 таблетка гликлазид (80 мг) 30 мг бир таблетка менен салыштырууга болот, модификацияланып бошонуп чыгуучу. Ошондуктан, өтүү кылдат кан мониторинг менен жүзөгө ашырылышы керек.

Башка кант диабетине каршы пероралдык препаратынан узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу Гликализид 60 мг таблеткаларына өтүү:

Узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу Гликализид таблеткаларын башка пероралдык диабетке каршы каражаттардын үчүн алмаштыруучу катары колдонулушу мүмкүн.

Гликлазид таблеткаларына өтүүдө мурунку диабетке каршы препараттын дозасын жана жарым жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили эске алуусу керек.

Өткөөл мезгил талап кылынбайт. 30 мг баштапкы дозасы колдонулат жана дозасы жогоруда айтылгандай кандагы глюкозанын реакциясына жараша туураланат.

Узакка созулган жарым жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили бар гипогликемиялык сульфонилмочевина препаратынан өткөндө, гипогликемияга алып келиши мүмкүн болгон эки препараттын кошумча таасирин болтурбоо үчүн бир нече күндүк дарылоосуз мезгил керек. Дарылоону баштоо үчүн сүрөттөлгөн процедура, ошондой эле Узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу Гликлазид таблеткаларына өтүүдө колдонулушу керек, б.а. баштапкы дозасы 30 мг/күн, андан кийин дозасын акырындык менен зат алмашуу жооп жараша жогорулатуу керек.

Башка диабетке каршы препараттар менен айкалышы

Узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу   Гликлазид таблеткалары дигуаниддер, альфа-глюкозидаза ингибиторлору же инсулин менен бирге берилиши мүмкүн. Гликлазид менен адекваттуу көзөмөлгө жетише албаган бейтаптарга инсулин менен катарлаш дарылоо тыкыр көзөмөл астында башталышы мүмкүн.

Ѳзгөчө категориялар

Улгайган адамдар

Узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу   Гликлазид таблеткалары 65 жашка чейинки бейтаптар үчүн сунушталган дозалоо режимин колдонуу менен дайындоо керек.

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар

Бөйрөк функциясынын жеңил же орточо бузулуусу менен бейтаптар үчүн бөйрөктүн нормалдуу функциясы менен бейтаптардагыдай эле дозалоо режимин тыкыр көзөмөл менен колдонуу керек. Бул маалыматтар клиникалык изилдөөлөр менен тастыкталган.

Гипогликемия коркунучу бар бейтаптар

- жетишсиз же толук эмес тамактануу,

- оор же начар компенсацияланган эндокриндик бузулуулар (гипофиздин гипофункциясы, гипотиреоз, адренокортикотроптук жетишсиздик),

- узак мөөнөттүү кортикоиддик дарылоону жана/же жогорку дозаларды токтотуу,

- оор кан тамыр оорулары (жүрөктүн оор коронардык оорусу, каротид артериясынын оор жаракаты, таралган кан тамыр оорулары).

Бул минималдуу суткалык дозасы 30 мг сунуш кылынат.

Балдар

Балдарда жана өспүрүмдөрдө узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу   Гликлазид таблеткаларынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу аныкталган эмес.

Балдар үчүн маалымат жок.

 

Каршы көрсөтмөлөр

- сульфонилмочевина же сульфаниламиддерден башка, гликлазидге же кандайдыр бир көмөкчү заттарга жогорку сезгичтик.

- инсулинге көз каранды диабет (I тиби)

– Диабет алдындагы кома жана кома, диабетик кетоацидоз

– оор бөйрөк же боор алсыздыгы (мындай учурларда инсулин колдонуу сунушталат)

- миконазол менен дарылоо

– бала эмизүү

 

Колдонуу боюнча эскертүүлөр жана алдын алуучу сактык чаралары

Гипогликемия

Бул дарылоо оорулуунун үзгүлтүксүз (анын ичинде эртең мененки тамак) тамактанган учурда гана дайындалат. Углеводдорду үзгүлтүксүз керектөө маанилүү, анткени тамакты кеч ичсе, тамак-ашты жетиштүү өлчөмдө жебесе же углеводдор аз болсо, гипогликемия коркунучу жогорулайт. Гипогликемия азыраак угледдорду аз камтыган тамактанууда, узакка созулган же катуу көнүгүүдөн кийин, алкоголдук ичимдиктерди ичкенде же гипогликемиялык каражаттардын айкалышын колдонулганда пайда болот.

Гипогликемия сульфонилмочевинди колдонгондон кийин пайда болушу мүмкүн. Кээ бир учурларда оор жана узак болушу мүмкүн. Ооруканага жаткыруу талап кылынышы мүмкүн жана глюкозаны дайындоо бир нече күнгө созулат.

Гипогликемия эпизоддорунун коркунучун азайтуу үчүн бейтаптарды кылдат тандоо, дозаларды жана бейтапка так көрсөтмөлөрдү берүү керек.

Гипогликемия коркунучун жогорулаткан факторлор:

– бейтап баш тартат (өзгөчө улгайган адамдарда) же кызматташууга жөндөмсүз

- туура эмес тамактануу, үзгүлтүктүү тамактануу, тамакты өткөрүп жиберүү, ачка жүрүү мезгилдери же мүнөздүү тамактанууну өзгөртүү

- физикалык жүктөмдүн жана углеводдорду кабыл алуунун дисбалансы

- бөйрөк алсыздыгы

- оор боор алсыздыгы

- узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу   Гликлазид таблеткаларынын ашыкча дозасында

– кээ бир эндокриндик бузулуулар: калкан безинин иштөөсүнүн бузулушу, гипофиз безинин гипофункциясы, бөйрөк үстүндөгү бездин алсыздыгы

- кээ бир башка дары препараттар менен бир убакта коштоп колдонуу

 

Бөйрөк жана боор алсыздыгы

Гликлазиддин фармакокинетикасы жана/же фармакодинамикасы боор алсыздыгы же оор бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарда өзгөрүшү мүмкүн. Бул бейтаптарда гипогликемиялык эпизоддор узакка созулушу мүмкүн; ошондуктан тиешелүү дарылоону дайындоо керек.

Оорулуу үчүн маалымат

Анын белгилери менен бирге гипогликемия коркунучу. Дарылоону жана гипогликемиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн шарттарды бейтапка жана үй-бүлө мүчөлөрүнө түшүндүрүү керек.

Оорулууга сунушталган мүнөздүү тамактанууну сактоонун, үзгүлтүксүз көнүгүүлөрдү жасоонун жана кандагы глюкозанын деңгээлин такай текшерүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берилиши керек.

Кандагы канттын деңгээлин начар контролдоо

Диабетке каршы дарылоону алып жаткан бейтаптарда кандагы глюкозаны көзөмөлдөө төмөндөгүлөр таасир этиши мүмкүн: калтыроо, травма, инфекция же хирургиялык кийлигишүү. Кээ бир учурларда, инсулинди дайындоо талап кылынышы мүмкүн.

Диабетке каршы препараттардын, анын ичинде гликлазиддин гипогликемиялык натыйжалуулугу көптөгөн бейтаптарда убакыттын өтүшү менен төмөндөйт: бул диабеттин татаалдыгынын прогрессиясына же дарылоого жооптун төмөндөшүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Бул көрүнүш биринчи катардагы дарылоо катары негизги ийгиликсиздиктен айырмаланып турган экинчи натыйжасыздык деп аталат. Адекваттуу дозаны тууралоо жана мүнөздүү тамактанууну сактоо экинчи даражадагы натыйжасыздык катары классификацияланганга чейин жүргүзүлүшү керек.

Башка ингредиенттер

Узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу   Гликлазид таблеткалары лактозаны камтыйт. Бул препаратты сейрек кездешүүчү галактозаны көтөрө албастык, лактаза жетишсиздиги же глюкоза-галактоза мальабсорбциясы менен ооруган бейтаптар кабыл албашы керек.

Кош бойлуулук жана бала эмизүү

Кош бойлуулук: Кээ бир башка сульфонилмочевина препараттарын колдонуу боюнча чектелген маалыматтар бар болсо да, адамдарда кош бойлуу кезде гликлазидди колдонуу боюнча тажрыйба жок.

Жаныбарларда жүргүзүлгөн изилдөөдө гликлазид тератогендик таасир берген эмес.

Көзөмөлдөнбөгөн кант диабети сыяктуу тубаса кемтиктердин пайда болуу коркунучун азайтуу үчүн, кант диабетин көзөмөлдөө бойго бүтүүдөн мурун жүргүзүлүшү керек.

Пероралдык колдонулуучу гипогликемиялык препараттар бул үчүн ылайыктуу эмес, инсулин кош бойлуулук учурунда кант диабетин дарылоо үчүн биринчи тандоо болуп саналат. Кош бойлуу болууга чейин же кош бойлуулук тастыкталгандан кийин бейтапты пероралдык гипогликемиялык каражаттардан инсулинге алмаштыруу сунушталат.

Бала эмизүү: гликлазид же анын метаболиттери эмчек сүтү менен бөлүнүп чыгышы белгисиз. Неонаталдык гипогликемия коркунучун эске алуу менен, препарат эмизүү учурунда каршы көрсөтүлгөн.

 

Автомобилди айдоо жана психикалык жана физикалык реакциялардын жогорку ылдамдыгын талап кылган жумушту аткаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири Бейтаптар гипогликемия симптомдору тууралуу билиши керек жана унаа айдаганда же физикалык жана психикалык реакциялардын жогорку ылдамдыгын талап кылган жумуштарды аткарууда, өзгөчө дарылоонун башында сак болушу керек.

 

Дарылык өз ара таасири

1) Төмөнкү дары препараттар гипогликемия коркунучун жогорулатат:

Каршы көрсөтүлгөн айкалыштары

Миконазол (системалык жактан оромукозал гели): гипогликемия же кома симптомдору пайда болушу мүмкүн болгон гипогликемиялык натыйжаны жогорулатат.

Сунушталбаган айкалыштар

Фенилбутазон (системалык): сульфонилмочевинанын гипогликемиялык таасирин жогорулатат (плазма белоктору менен байланыштыруучу жерди жылдырат жана/же алардын чыгарылышын азайтат).

Башка сезгенүүгө каршы каражатты колдонуу же бейтапка эскертүү берүү жана өзүн өзү көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилөө максатка ылайык. Сезгенүүгө каршы дары препараттар менен дарылоо кийин да диабетке каршы препараттын активдүү заттын дозасын жөнгө салуу зарыл болушу мүмкүн.

Алкоголь: гипогликемиялык реакцияны күчөтөт (компенсациялык жоопторду бөгөттөө аркылуу), ал гипогликемиялык комага алып келиши мүмкүн. Алкоголь ичимдиктерин ичүүдөн жана курамында спирт бар дары каражаттарды колдонуудан алыс болуу керек.

Колдонууда алдын алуучу сактык чараларын талап кылган айкалыштар

Төмөнкү дары каражаттардын бирин кабыл алууда кандагы глюкозаны төмөндөтүүчү натыйжанын жогорулашы жана кээ бир учурларда гипогликемия болушу мүмкүн: диабетке каршы башка препараттар (инсулиндер, акарбоза, метформин, тиазолидиндиондор, дипептидил пептидаза-4 ингибиторлору, GLP-1 рецепторунун агонисттери), бета-блокаторлор, флуконаз, АПФ ингибиторлору (каптоприл, эналаприл), H2 рецепторунун антагонисттери, МАО ингибиторлору, сульфаниламиддер, кларитромицин жана стероиддик эмес сезгенүүгө каршы препараттар.

2) Төмөнкү дары препарттар кандагы глюкозанын деңгээлин жогорулатат:

Сунушталбаган айкалыштары

Даназол: Даназолдун диабетогендик таасири.

Эгерде бул активдүү затты колдонуудан качуу мүмкүн болбосо, бейтапка эскертүү жана кандагы жана заарадагы глюкозаны көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берилиши керек. Даназол менен дарылоо учурунда жана андан кийин диабетке каршы активдүү заттын дозасын тууралоо керек болушу мүмкүн.

Колдонууда этияттыкты талап кылган айкалыштар

Хлорпромазин (антипсихотик): жогорку дозалар (>100 мг хлорпромазин күнүнө) кандагы глюкозанын деңгээлин жогорулатат (инсулин өндүрүшүнүн төмөндөшү).

Бейтапка кандагы глюкозанын мониторингинин маанилүүлүгү жөнүндө эскертүү жана маалымат берүү керек. Антипсихотикалык препарат менен дарылоо учурунда жана андан кийин диабетке каршы активдүү заттын дозасын тууралоо зарыл болушу мүмкүн.

Глюкокортикоиддер (системалык жана жергиликтүү: муун ичиндеги, тери жана ректалды препараттар) жана тетракосакрин: мүмкүн кетоз менен кандагы глюкозанын деңгээлин жогорулатат (глюкокортикоиддердин таасиринен углеводго толеранттуулуктун төмөндөшү).

Бейтаптарга, өзгөчө, дарылоонун башталышында, кандагы глюкозага мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө эскертүү жана маалымдоо берүү керек. Глюкокортикоиддер менен дарылоо учурунда жана андан кийин диабетке каршы активдүү заттын дозасын тууралоо зарыл болушу мүмкүн.

Ритодрин, салбутамол, тербуталин (к.т/и):

Бета-2 агонисттердин таасиринен улам кандагы канттын деңгээлинин жогорулашы. Бейтапка кандагы глюкозаны көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берилиши керек. Сиз инсулин дарылоосуна өтүү керек болушу мүмкүн.

3) Эске алуу зарыл болгон айкалыштар:

Антикоагулянттык дарылоо (мисалы, варфарин ж.б.):

Сульфонилмочевинанын препараттары параллелдүү колдонулганда антикоагуляциянын жогорулашына алып келиши мүмкүн. Аникоагулянттын дозасын тууралоо талап кылынышы мүмкүн.

 

Кыйыр таасирлери

Гликлазидди колдонуу тажрыйбасынын негизинде төмөнкү жагымсыз таасирлер байкалган.

Жыштык төмөнкүчө аныкталат:

- абдан тез-тез (≥1/10)

- тез-тез (≥1/100 - <1/10)

- көп эмес (≥1/1000ден <1/100гө чейин)

- сейрек (≥1/10000ден <1/1000ге чейин)

- өтө сейрек (<1/10 000), белгисиз (болгон маалыматтар боюнча эсептөө мүмкүн эмес)

- белгисиз (болгон маалыматтар боюнча эсептөө мүмкүн эмес)

Гипогликемия

Башка сульфонилмочевина препараттары сыяктуу эле, узак мөөнөттүн аралыгында бошонуп чыгуучу   Гликлазид таблеткалары менен дарылоо, адатта, тамактануу үзгүлтүктүү болсо, өзгөчө, тамакты өткөрүп жиберсе, гипогликемияга алып келет. Гипогликемиянын мүмкүн болуучу симптомдору: баш оору, катуу ачка болуу, жүрөк айлануу, кусуу, чарчоо, уйкунун бузулушу, башаламандык, агрессия, концентрациянын бузулушу, көңүл буруунун төмөндөшү жана жай реакция, депрессия, башаламандык, көрүү жана сүйлөө бузулушу, афазия, тремор, парездер, сенсордук бузулуулар баш айлануу, алсыздык сезими, өзүн кармай албай калуу, делирий, карышуулар, тайыз дем алуу, брадикардия, уйкучулук, эс-учун жоготуу, комага жана өлүмгө алып келиши мүмкүн.

 

Мындан тышкары, адренергиялык контр жөнгө салуунун белгилери байкалышы мүмкүн: тердөө, нымдуу тери, тынчсыздануу, тахикардия, гипертония, жүрөктүн кагышы, ангина жана аритмия.

Адатта, симптомдор углеводдорду (кант) кабыл алуудан кийин четтешет. Бирок, жасалма таттуулар эч кандай таасир бербейт. Башка сульфонилмочевина препараттарын колдонуу тажрыйбасы көрсөткөндөй, гипогликемия алгачкы чаралар натыйжалуу болгон күндө да кайталанышы мүмкүн.

Эгерде гипогликемиялык эпизод оор же узакка созулса, ал тургай, канттын кабыл алынышы менен убактылуу башкарылса да, дароо дары менен дарылоо же ооруканага жаткыруу талап кылынат.

Башка жагымсыз натыйжалар

Ашказан-ичеги оорулары

Ашказан-ичеги оорулары көп кездешпейт, анын ичинде ичтин оорушу, жүрөк айлануу, кусуу, диспепсия, ич өтүү жана ич катуу; эгерде алар пайда болсо, анда гликлазидди эртең мененки тамактануу менен кабыл алуу аркылуу, аларды азайтууга болот.

Төмөнкү жагымсыз таасирлер азыраак байкалган:

Тери жана тери астындагы ткандар

Бөртмө, кычышуу, бөрү жатыш, ангионеврозиялык шишимик, эритема, макулопапулярдык бөртмө, буллездүү реакциялар (мисалы, Стивен-Джонсон синдрому жана уулуу эпидермалдык некролиз);

Кан жана лимфа системасы

Гематологиялык өзгөрүүлөр сейрек кездешет. Аларга аз кандуулук, лейкопения, тромбоцитопения жана гранулоцитопения кириши мүмкүн. Жалпысынан алганда, препаратты кабыл алуу токтотулгандан кийин калыбына келет.

Боор жана өт баштыкчасы

Боор энзимдеринин деңгээлин жогорулоосу (АСТ, АЛТ, шакардык фосфатаза), гепатит (өзүнчө учурларда); холестатикалык сарык пайда болсо, дарылоо токтотулушу керек.

Бул жагымсыз таасирлери, адатта, дарылоо токтотулгандан кийин өтүп кетет.

Көз

Убактылуу көрүүнүн начарлашы, өзгөчө, дарылоонун башында, кандагы глюкозанын деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.

Класска тиешелүү натыйжалар

Башка сульфонилмочевина препараттары сыяктуу эле, төмөнкү жагымсыз таасирлер байкалган: эритроцитопения, агранулоцитоз, гемолитикалык аз кандуулук, панцитопения, аллергиялык васкулит, гипонатриемия, боор энзимдерининт деңгээлинин жогорулашы, боордун функциясынын бузулуусу дагы (мисалы, холестаз жана сарык оорусу менен) жана сульфонилмочевинаны колдонууну токтоткондон кийин же кээ бир учурларда боордун алсыздыгына коркунуч жаратууга алып келген гепатит.

 

Ашыкча доза жана дарылоо

Сульфонилмочевинанын ашыкча дозасы гипогликемияга алып келиши мүмкүн. Эс-учун жоготуусуз гипогликемиянын орточо симптомдору же неврологиялык белгилер углеводдорду кабыл алуу, дозасын тууралоо жана/же мүнөздүү тамактанууну өзгөртүү жолу менен түзөтүлүшү керек.

Дарыгерлер бейтапта коркунуч жок экенине ишенгенге чейин тыкыр мониторинг жүргүзүү керек.

Эгерде гипогликемиялык комага шектенсе же аныкталган болсо, бейтапка 50 мл концентрацияланган глюкоза эритмесин (20-30%) тез көк кан тамыр ичине куюу керек. Андан кийин кандагы глюкозанын деңгээлин 1 г/лден жогору кармап турган ылдамдыкта суюлтулган глюкоза эритмеси (10%) үзгүлтүксүз куюлат. Бейтаптарга тыкыр мониторинг жүргүзүү керек жана бул убакыт өткөндөн кийин, оорулуунун абалына жараша, дарыгер бейтапка андан ары мониторинг жүргүзүү керекпи же жокпу, чечет.

Гликлазиддин протеин менен күчтүү байланышына байланыштуу диализ натыйжалуу таасир бербейт.

 

Сактоо шарттары

30ºС дан жогору эмес аба табында, кургак, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

 

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

 

Дарыканалардан берүү

Рецепт боюнча.

 

Таңгакча

Alu/Alu блистерде 10 таблетка. 3 ушундай блистер колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутуга салынган.

 
Өндүрүүчү

Corona Remedies Pvt. Ltd.

Village Jatoli, Post office – Oachghat, Tehsil & District Solan,

Himachal Pradesh – 173 223, Индия

 
  • Хиты продаж
  • Самые популярные