Метромикон форте, 7 вагинальных суппозиторий
ДАРЫ КАРАЖАТЫН МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУУ БОЮНЧА
НУСКАМА
МЕТРОМИКОН ФОРТЕ
Соодадагы аталышы
Meтромикон Форте
Эл аралык патенттелбеген аталышы
Жок
Дарынын түрү
Жыныс кынга суппозиторийлер.
Сүрөттмөмөсү
Цилиндр формасындагы, ак же ак саргыч кошумча түстөгү суппозиторийлер. Кесилген жеринде аба жана тешиктүү стержиндин жана уюк түрүндөгү оюктун болушуна жол берилет.
Курамы
1 суппозиторий төмөнкүлөрдү камтыйт:
активдүү заттар: метронидазол 750 мг жана миконазол нитраты 200 мг;
көмөкчү зат: катуу май.
Фармадарылык тобу
Заара-жыныс системасынын жана жыныстык гормондордун ооруларын дарылоо үчүн препараттар. Гинекологиялык ооруларды дарылоо үчүн антисептиктер жана микробго каршы препараттар.
Гинекологиялык ооруларды дарылоо үчүн антисептиктер жана микробго каршы препараттар (кортикостероиддер менен айкалышууларды кошпогондо). Имидазолдун туундулары. Имидазолдун туундуларынын айкалышуусу.
ATX коду: G01AF20.
Фармакологиялык касиеттери
Фармакодинамикасы
Mетромикон Форте суппозиторийлери бактерияга каршы жана антитрихомоналдык таасирге ээ метронидазолду жана мите козу карынга каршы таасир берүүчү миконазол нитратты камтыйт.
Метронидазол, 5-нитроимидазолдун туундусу, бактерияга каршы касиетке ээ жана протозойго каршы каражат болуп саналат. Ал Trichomonas vaginalis, Gardnerella vaginalis жана анаэробдук бактериялар, анын ичинде анаэробдук стрептококктор сыяктуу анаэробдук бактериялар жана жөнөкөйлөрдөн пайда болгон кээ бир инфекцияларга каршы натыйжалуу.
Миконазол нитраты имидазолдун синтетикалык туундусу болуп саналат, таасирдин кеңири спектрине ээ жана патогендик козу карындарга, анын ичинде Candida albicans га каршы натыйжалуу. Мындан тышкары, миконазол нитраты грам оң бактерияларга каршы натыйжалуу. Миконазол цитоплазмалык мембранадагы эргостеролдун синтезин бөгөт коюу менен өз таасирин көрсөтөт. Миконазол нитраты Candida түрлөрүнүн козу карын клеткаларынын өткөрүмдүүлүгүн өзгөртөт жана in vitro глюкозаны жок кылууга бөгөт коёт.
Миконазол нитраты менен метронидазол айкалышканда синергиялык же антагонисттик таасирге ээ эмес.
Фармакокинетикасы
Абсорбция
Метронидазол: Метронидазолдун биожеткиликтүүлүгү жыныс кындын жолу менен колдонууда анын пероралдык колдонуудагы биожеткиликтүүлүгүнө салыштырмалуу 20% түзөт. Кандын плазмасындагы метронидазолдун тең салмактуу концентрациясы жыныс кынга күн сайын киргизүүдөн кийин 1,6-7,2 мкг/мл түзөт.
Миконазол нитраты: миконазол нитратынын сиңирилиши жыныс кынга киргизүүдө бир кыйла төмөн (болжол менен дозанын 1,4%). Миконазол нитраты жыныс кынга колдонууда кандын плазмасында аныкталбайт.
Бөлүштүрүү
Метронидазол: дененин ткандарына жана суюктуктарына, анын ичинде өт, сөөк тканын, эмчек безин, сүт, баш мээ абсцесстери, жүлүн суюктугу (ЖС), боор жана боордун абсцесстери, шилекей, уруктук суюктук жана жыныс кындын секрецияларында кандын плазмасындагыдай кеңири таралган жана концентрациядагыдай концентрацияга жетет. Метронидазол плацента тосмосун кесип өтөт жана түйүлдүктүн кан айлануусуна тез кирет. Плазманын белоктору менен байланышы 20% дан көп эмес. Бөлүштүрүү көлөмү 0,25–0,85 л/кг түзөт.
Миконазол нитраты: кандын плазмасындагы белоктор менен байланышы 90-93% түзөт. Анын ЖС өтүүсү төмөн, бирок башка ткандарда кеңири таралган. Бөлүштүрүү көлөмү 1400 литрди түзөт.
Метаболизм
Метронидазол: кычкылдануу жолу менен боордо метаболизмге учурайт, гидроксиметаболит активдүү болуп саналат. Метронидазолдун негизги метаболиттери - гидрокси туундулары жана уксус кислотасынын туундулары - заара менен бөлүнүп чыгат. Гидроксиметаболиттин активдүүлүгү метронидазолдун биологиялык активдүүлүгүнүн 30% түзөт.
Миконазол нитраты: боордо метаболизденет. 2 активдүү эмес метаболиттери аныкталган (2,4-дихлорфенил-1Н-имидазол-этанол жана 2,4-дихлоромандел кислотасы).
Бөлүп чыгаруу
Метронидазол: жарым жартылай бөлүнүү мезгили (T½) 6-11 саатты түзөт. Метронидазолдун дозасынын болжол менен 6-15% заң менен бөлүнүп чыгат. Метронидазолдун 60-80%га жакыны заара менен өзгөрүүсүз жана метаболиттер түрүндө бөлүнүп чыгарылат. Метронидазолдун болжол менен 20% заара менен өзгөрүүсүз бөлүнүп чыгарылат.
Миконазол нитраты: T½ 24 саатты түзөт. 1% дан азы заара менен бөлүнүп чыгат. Болжол менен 50%, негизинен өзгөрүүсүз түрдө заң менен бөлүнүп чыгат.
Колдонууга көрсөтмөлөр
Жыныс кынга инфекцияларды дарылоо үчүн:
- Candida albicans менен шартталган вульвовагиналдык кандидоз;
- Trichomonas vaginalis менен шартталган трихомонас вагинити;
- анаэробдук бактериялар жана Gardnerella vaginalis менен шартталган бактериалдык вагиноз;
- аралаш жыныс кын инфекциялары.
Каршы көрсөтмөлөр
- препараттын таасир берүүчү курам бөлүктөрүнө имидазолдун башка туундуларына же препараттын кандайдыр бир көмөкчү заттарына жогорку сезгичтүүлүк;
- дарылоо мезгилинде жана дарылоо аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде алкоголдук ичимдиктерди колдонуу;
- дарылоо учурунда жана дарылоо курсу аяктагандан кийин 2 жуманын ичинде дисульфирамды кабыл алуу;
- талма оорусу;
- порфирия;
- боордун оор дисфункциясы;
- кош бойлуулуктун I үч айлыгында, эмизүү мезгили;
- 18 жашка чейинки курак.
Дозалоо режими жана колдонуу ыкмасы
Жыныс кынга бир суппозиторийден суткасына 1 жолу, кечинде, жатар алдында, 7 күн.
Кайталануучу вагинитте же дарылоонун башка түрлөрүнө туруктуу вагинитте бир суппозиторий күнүнө 1 жолу, кечинде, уктаар алдында, 14 күн ичинде дайындалат.
Колдонуу режими
Суппозиторийлер жаткан абалда жыныс кындын ичине терең киргизилет.
Бейтаптардын өзгөчө топтору
Бөйрөк алсыздыгы менен ооругандар
Бөйрөк функциясынын төмөндөшү менен метронидазолдун жарым жартылай бөлүнүү мезгили өзгөрбөйт. Дозаны төмөндөтүү талап кылынбайт. Гемодиализди талап кылган оор бөйрөк алсыздыгында дозаны тууралоо зарыл.
Боор алсыздыгы менен бейтаптр
Боордун оор алсыздыгында метронидазолдун клиренси бузулушу мүмкүн. Метронидазол плазмадагы жогорку деңгээл менен байланыштуу энцефалопатиянын симптомдорун күчөтүшү мүмкүн жана андыктан боор энцефалопатиясы менен бейтаптарга этияттуулук менен колдонулушу керек. Боор энцефалопатиясы менен жабыркаган бейтаптарга суткалык доза 1/3 чейин азайтылышы керек.
Балдар: дары 18 жашка чейинки балдарга колдонууга каршы көрсөтүлгөн.
Улгайган курактагы бейтаптар (65 жаштан жогору): башка бейтаптар үчүн эле сунуштар.
Жагымсыз реакциялар
Жагымсыз реакциялар органдар, системалар жана алардын пайда болуу жыштыгы боюнча классификацияланат (MedDRA классификациясы): абдан тез-тез (≥1/10), тез-теза (≥1/100, <1/10), көп эмес (≥1/1000, < 1/100), сейрек (≥1/10,000, <1/1,000), абдан сейрек (<1/10,000), жыштыгы белгисиз (колдо болгон маалыматтардын негизинде пайда болуу жыштыгын аныктоо мүмкүн эмес).
Кээ бир учурларда, өтө сезгичтүүлүк реакциялары (анын ичинде теридеги бөртмөлөр) жана ичтин оорушу, баш оору, кычыштыруу, күйүү жана жыныс кындын дүүлүгсү сыяктуу жагымсыз таасирлер байкалышы мүмкүн. Системалык жагымсыз натыйжалардын пайда болуу жыштыгы бул препаратты жыныс кынга колдонууда кандын плазмасында метронидазолдун өтө төмөн деңгээли менен шартталган(метронидазолду пероралдык кабыл алуу менен жетишилген деңгээлдин 2-12%).
Миконазол нитраты жыныс кынга колдонулуучу имидазолдон өндүрүлгөн башка мите козу карынга каршы препараттарга окшош кындын кыжырдануусун (күйүү, кычыштыруу) пайда кылышы мүмкүн (2–6%). Бул симптомдордун айкындуулугу дарылоону улантуу менен олуттуу төмөндөйт. Жыныс кындын катуу кыжырдануусу пайда болгон учурда дарылоону токтотуу керек.
Төмөндө препараттын таас ир берүүчү заттарынын системалуу аракетинин натыйжасында жагымсыз реакциялар келтирилген:
Кан жана лимфа системасынын бузулушу: өтө сейрек - агранулоцитоз, нейтропения, тромбоцитопения, панцитопения; жыштыгы белгисиз - лейкопения.
Иммундук системасы тарабынан бузулушу: сейрек - анафилактикалык шок; жыштыгы белгисиз - гиперсезгичтүүлүк реакциялар, аллергиялык реакциялар, ангионевротикалык шишик, бөрү жатыш, калтырак басуу.
Зат алмашуунун жана тамактануунун бузулушу: көп эмес - анорексия.
Психикалык бузулуулар: абдан сейрек - аң-сезимдин бузулушу, анын ичинде башаламандык жана галлюцинация; жыштыгы белгисиз - депрессия.
Нерв системасы тарабынан бузулушу: тез-тез - баш оору, баш айлануу; өтө сейрек, энцефалопатия (мисалы, баш аламандык, калтырак басуу, жарыкка сезгичтиктин жогорулашы, моюндун катуулугу, галлюцинациялар, шал болуу, көрүү жана кыймылдын бузулушу) жана курч каракуш мээ синдрому (мисалы, атаксия, дизартрия, басуунун бузулушу, нистагм, тремор), алар препаратты кабыл алуу токтотулгандан кийин жоголуп кетиши мүмкүн; жыштыгы белгисиз - чарчоонун же алсыздыктын күчөшү, калтырак басуу, узак мөөнөттүү дарылоодо же метронидазолдун жогорку дозаларын колдонууда перифериялык нейропатия, асептикалык менингит.
Көрүү органы тарабынан бузулушу: абдан сейрек - көздүн транзитордук бузулушу, мисалы, диплопия, миопия, бүдөмүк көрүү, көрүү курчтугунун төмөндөшү, түстү кабыл алуунун бузулушу; жыштыгы белгисиз - нейропатия / оптикалык неврит.
Боор жана өт чыгаруу жолдору тарабынанн бузулушу: өтө сейрек - боор ферменттеринин (АСТ, АЛТ, шакардык фосфатаза) деңгээлинин жогорулашы, холестатикалык же аралаш гепатит, кээде сарык менен коштолгон; метронидазолду башка антибиотиктер менен айкалыштыруу менен дарыланган бейтаптарда боордун трансплантациясын талап кылган боор алсыздыгынын учурлары кабарланган.
Тери жана тери астындагы ткандар тарабынан бузулуулар: абдан сейрек - териде бөртмөлөр, ириңдүү исиркектер, беттин кызаруусу, кычышуу; жыштыгы белгисиз – мультиформалуу эритема, Стивенс-Джонсон синдрому же токсикалык эпидермалдык некролиз.
Ашказан-ичеги бузулуулары: жыштыгы белгисиз - даамдын бузулушу, стоматит, ооздогу металлдын даамы, капталган тил, жүрөк айлануу, кусуу, ич катуу, эпигастралдык оору, ич өтүү, ооздун кургашы, табиттин төмөндөшү, ичтин оорушу жана карышуу сыяктуу ашказан-ичеги бузулуулары.
Булчуң, сөөк жана бириктирүүчү ткандар тарабынан бузулуулар: абдан сейрек - миалгия, артралгия.
Бөйрөк жана заара чыгаруу жолдору тарабынан бузулушу: абдан сейрек -зааранын кара түскө боёлушу (метронидазолдун метаболиттеринен улам).
Ийне сайган жердеги жалпы бузулуулар жана реакциялар: абдан тез-тез – жыныс кындын агындысы; тез-тез - вульвовагиналдык кыжырдануу, кичине жамбаш аймакта дискомфорт; сейрек - күйүү сезими, кычышуу; жыштыгы белгисиз – жыныс кындын былжыр челинин жергиликтүү кыжырдануусу жана жогорку сезгичтүүлүк, контакттуу дерматит, тез чарчоо жана жалпы алсыздык.
Жагымсыз реакциялар жөнүндө маалымат
Эгерде сизде кандайдыр бир жагымсыз реакциялар байкалса, дарыгер же фармацевт менен кеңешүүңүз керек. Бул сунуш бардык мүмкүн болуучу жагымсыз реакцияларга, анын ичинде ушул коштомо-баракчада келтирилбегендерге да тиешелүү. Сиз ошондой эле жагымсыз реакциялар жөнүндө түздөн-түз улуттук маалымат системасы аркылуу билдире аласыз, алар жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медицинлык буюмдар департаментинин сайтында жарыяланган: www.pharm.kg же e-mail:vigilance@pharm.kg.
Жагымсыз таасирлерди билдирүү менен, сиз бул препараттын коопсуздугу жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө жардам бере аласыз.
Колдонуу боюнча өзгөчө көрсөтмөлөр жана алдын ала этияттулук чаралары
Метромикон Форте препаратын колдонуудан мурун дарылап жаткан дарыгериңиз же фармацевт менен кеңешүүңүз.
Бейтапка дарылоо мезгилинде жана дарылоо аяктагандан кийин 3 күн ичинде спирт ичимдиктерин ичпөө керектиги эскертилүүгө тийиш, анткени дисульфирам сыяктуу реакциялардын пайда болушу мүмкүн.
Кан жаратуунун бузулушу, перифериялык жана борбордук нерв системасынын оорулары менен оорулары менен бейтаптарга этияттуулук менен дайындоо керек.
Препараттын жогорку дозалары жана узак мөөнөттүү пайдалануу перифериялык нейропатия жана калтырак басууга алып келиши мүмкүн.
Метромикон Форте айыз мезгилинде препаратын натыйжалуулугун төмөндөтүү жана киргизүүдө кыйынчылыктарды жаратуу мүмкүндүгүнөн улам Метромикон Форте колдонуу үчүн сунушталбайт.
Препаратты бойго жете элек кыздарга жана жетиле элек бейтаптарга колдонуу сунушталбайт.
Суппозиторийлерди колдонуу механикалык контрацепциянын ишенимдүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн (презервативдер, кындын диафрагмалары) суппозиторийлердин базасынын латекс же резина менен өз ара аракеттенүүсүнүн эсебинен.
Дарылоо мезгилинде жыныс кынга колдонуу үчүн башка каражаттарды (мисалы, тампондорду, душтарды, спермициддерди) колдонууга болбойт.
Бейтаптардын жыныстык өнөктөштөрү трихомонаддык вагинит менен чогуу бир эле убакытта дарылоо курсун өтүшү керек.
Метронидазолду системалуу колдонуу менен Кокайн синдрому менен ооруган бейтаптарда оор гепатотоксикация/курч боор алсыздыгынын учурлары (анын ичинде өлүмгө алып келген учурлар) кабарланган. Бейтаптардын бул категориясында метронидазол этияттуулук менен жана альтернативалуу дарылоо жок болгондо гана колдонулушу керек. Боордун иштешине тесттер дароо дарылоо башталганга чейин, дарылоонун бүткүл курсунун ичинде жана ал аяктагандан кийин, боор функциясынын көрсөткүчтөрү нормалдуу маанилерге жеткенге чейин же баштапкы маанилерге жеткенге чейин жүргүзүлүшү керек. Эгерде дарылоо мезгилинде боордун функциясынын олуттуу жогорулашы байкалса, препаратты колдонууну токтотуу керек.
Кокайн синдрому менен ооруган бейтаптарга боордун потенциалдуу бузулушунун ар кандай симптомдору (мисалы, жаңы аныкталган ичтин туруктуу оорушу, анорексия, жүрөк айлануу, кусуу, ысытма, начарлоо, сарык, кара заара же кычышуу) дароо дарыгерге кабарлоосу керек.
Суппозиторийлерди жыныс кын түрдө гана колдонуу керек жана аларды жутууга же башка жол менен колдонууга болбойт.
Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү
Препараттын таасир берүүчү заттары түйүлдүктүн жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өнүгүшүнө таасири жөнүндө маалыматтар жетишсиз болгондуктан, бул препаратты колдонууга муктаж аялдар контрацептивдик ыкмаларды колдонуу менен кош бойлуулуктун алдын алуу керек.
Кош бойлуулук
Пепарат кош бойлуулуктун биринчи үч айында каршы көрсөтүлгөн. Кош бойлуулуктун II жана III үч айлыгында колдонуу эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктен жогору болгон учурларда гана рецепт боюнча мүмкүн.
Лактация мезгили
Препаратты колдонуу мезгилинде эмчек эмизүү токтотулушу керек, анткени метронидазол эмчек сүтүнө өтөт. Эмчек эмизүүнү дарылоо аяктагандан кийин 24-48 сааттан кийин улантууга болот.
Фертилдүүлүк
Метронидазол же миконазол нитраты жалгыз колдонулганда төрөткө терс таасирин тийгизген эч кандай далил жок.
Транспорт каражаттарын же потенциалдуу кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасири
Системалык колдонуу менен салыштырганда, жыныс кынына колдонууда метронидазолдун сиңирүүсү кыйла төмөн. Баш айлануу, атаксия, чарчоо жана алсыздык болушу мүмкүн. Мындай белгилер пайда болгон учурда транспорт каражаттарын айдоо жана механизмдер менен иштөө сунушталбайт.
Ашыкча доза
Жыныс кынга колдонуу менен препараттын ашыкча дозасы жөнүндө маалыматтар жок. Бирок, жыныс кындын ичине киргизгенде, метронидазол системалуу натыйжаларды пайда кылуу үчүн жетиштүү өлчөмдө сиңиши мүмкүн.
Метронидазолдун ашыкча дозалануусунун симптомдору жүрөк айлануу, кусуу, ичтин оорушу, ич өтүү, кычышуу, ооздогу металлдын даамы, атаксия, баш айлануу, парестезия, калтырак басуу, лейкопения, зааранын кара түскө боёлушу.
Миконазол нитратынын ашыкча дозалануусунун симптомдору жүрөк айлануу, кусуу, фаренхтин жана ооздун сезгениши, анорексия, баш оору, ич өтүү болуп саналат.
Дарылоо: симптоматикалык жана колдоочу дарылоо, өзгөчө антидот жок. Кокусунан көп өлчөмдөгү препараттын көп өлчөмүн ичип алууда - ашказанды жуу.
Башка дары каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү жана өз ара аракеттенүүнүн башка формалары
Метронидазолдун сиңирүүсүнө байланыштуу кээ бир заттар жана дары препараттар менен бир убакта колдонулганда препарат менен өз ара аракеттенүү реакциялары пайда болушу мүмкүн:
- спирт: метронидазолдун спирт менен өз ара аракеттенүүсү дисульфирам мененөз ара аракеттенүүсүсүнө окшош реакцияны жаратышы мүмкүн;
- амиодарон: кардиотоксикалык тобокелдиктин жогорулашы (QT аралыгын узартуу, карынчалардын дирилдөөсү жана жылмыңдоосу, жүрөктүн токтоп калышы);
- астемизол, терфенадин: метронидазол бул дары препараттардын метаболизмин ингибирлейт жана алардын кандын плазмасындагы концентрациясын жогорулатат;
- карбамазепин: кандагы карбамазепиндин концентрациясын жогорулатат;
- циметидин: метронидазолдун кандын плазмасындагы деңгээлинин жогорулашы жана неврологиялык терс таасирлердин пайда болуу коркунучу;
- циклоспорин: циклоспорин уулуулугун жогорулатуу кооптуулугу;
- дисульфирам: борбордук нерв системасы тарабынан мүмкүн болгон реакциялар (мисалы, психотикалык реакциялар);
- литий препараттары: литийдин кандын деңгээлинин жогорулашы жана уулуулугу;
- фенитоин: кандагы фенитоиндин деңгээли жогорулайт, кандагы метронидазолдун деңгээли төмөндөйт;
- фенобарбитал: кандагы метронидазолдун деңгээли төмөндөйт;
- фторурацил: фторурацилдин плазмадагы деңгээлинин жогорулашы жана уулуулугу;
- пероралдык антикоагулянттар: антикоагулянттардын таасири күчөйт;
- бусулфан: метронидазол кандын плазмасындагы бусулфандын деңгээлин жогорулатат, бул маанилүү токсикалык таасирлерге алып келиши мүмкүн. Пероралдык антикоагулянттарды чогуу бир убакытта колдонууда протромбиндин жана ЭНКдин (Эл аралык нормалаштырылган катышы) деңгээлин тез-тезден көзөмөлдөө зарыл. Метронидазолду колдонууда жана аны токтотуудан кийин 8 күндүн ичинде пероралдык антикоагулянттардын дозасын оңдоп түзөтүү сунушталат.
- фентанил: опиоиддердин таасирин жогорулатат же узартат (БНС басаңдатат, депрессияга түшүү, дем алуунун кысылышы);
- фенитоин жана фосфенитоин: фенитоиндин токсикалык кооптуулугунун жогорулашы (атаксия, гиперлексия, нистагм, тремор);
- глимепирид: гипогликемиялык таасирдин жогорулашы;
- оксибутинин: оксибутининдин кандын плазмасындагы концентрациясынын же таасиринин жогорулашы;
- оксикодон: плазмадагы оксикодондун концентрациясы жогорулайт жана анын бөлүнүп чыгышы азаят;
- пимозид: кардиотоксиндүүлүк кооптуулугунун жогорулашы (Q-T аралыгынын узартылышы, карынчалардын дирилдөөсү-жылмыңдоосу, жүрөктүн токтоп калышы);
- толтеродин: P450 2D6 цитохромасынын жетишсиз таасири менен адамдарда толтеродиндин биожеткиликтүүлүгүнүн жогорулашы;
- триметрексат: триметрексаттын уулуулугун жогорулатуу (сөөк чучугунун басаңдоосу, бөйрөктүн жана боордун функциясынын бузулушу, ашказандагы жана ичегидеги жаралардын пайда болушу).
Препарат менен дарылоо мезгилинде анын кандагы боор ферменттеринин, глюкозанын (гексокиназа ыкмасы), теофиллиндин жана прокаинамиддин деңгээлине таасири белгиленген.
Миконазол нитратынын сиңирүүсүнөн улам, төмөнкү тизмеленген дары препараттар менен чогуу бир убакытта колдонууда төмөнкү реакциялар пайда болушу мүмкүн:
- аценокумарол, анисиндион, дикумарол, фенидион, фенпрокумон, варфарин: кан кетүүнүн пайда болуу кооптуулугу жогорулайт;
- астемизол, цисаприд жана терфенадин: миконазол бул препараттардын метаболизмин басаңдатат жана алардын плазмадагы концентрациясын жогорулатат;
- карбамазепин: карбамазепиндин метаболизми төмөндөйт;
- циклоспорин: циклоспориндин токсикалык кооптуулугу (бөйрөктүн функциясынын бузулушу, холестаз, парестезия) жогорулайт;
Жарактуулук мөөнөтү
3 жыл.
Таңгагында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин колдонууга болбойт.
Сактоо шарттары
Жарыктан корголгон жерде, 25°С дан ашпаган аба табында сактоо керек. Тоңдурбаңыз.
Балдар жетпеген жерде сактаңыз!
Дарыканалардан берүү шарттары
Рецепт боюнча.
Чыгаруу формасы жана таңгакчасы
ПВХ/ПЭ плёнкасынан жасалган контурлуу уячалуу таңгакчада 7 суппозиторийден. 1 контурлуу уячалуу таңгакчада медицинада колдонуу боюнча нускама менен бирге картон кутуга салынган.


